Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин курчап турган Айлана-чөйрө жана социалдык тармактарына болгон таасирди баалоо (АЧСТБ) долбоору боюнча улуттук консультациянын экинчи раундун өткөрдү. Иш-чара Бишкек шаарындагы Орозбеков, 87 дарегинде жайгашка Park Hotel мейманканасынын жыйындар залында уюштурулуп, 110 дон ашык катышуучуну бетме-бет форматта, ошондой эле 35 ке жакын адамдын онлайн режиминде катышуусуна шарт түзүлдү.
Консультацияга Энергетика министрлигинин, «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун алып баруучу бөлүмүнүн жетекчилери, мамлекеттик түзүмдөрдүн адистери, жергиликтүү бийлик органдардын кызматкерлери, улуттук жана эл аралык коомдук уюмдардын адистери, илимий жана изилдөө мекемелеринин, Улуттук Илимдер Академиясы өкүлдөрү, ошондой эле плотиналардын коопсуздугу боюнча эксперттер, социалдык өнүктүрүү, жайыттарды башкаруу, маданий мурастарды коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүк жана гендердик маселелер боюнча эксперттер катышышты.
Улуттук деңгээлдеги консультациянын негизги максаты - АЧСТБ долбоорунун жыйынтыктары жана сунуштары жөнүндө коомчулукка маалымдоо, долбоорду ишке ашыруунун мүмкүн болгон экологиялык жана социалдык кесепеттерин жана аларды болтурбоо жана жумшартуу боюнча тиешелүү чараларды талкуулоо, кызыктар тараптардан сунуштарды, сын-пикирлерди жана суроолорду чогултуу, ошондой эле эл аралык экологиялык жана социалдык практикага ылайык долбоорду даярдоонун бардык этаптарында ачык-айкындуулукту жана ачык диалогду камсыз кылуу болду.
Консультациянын алдында коомдук кароолор жана комментарийлер үчүн төмөнкү долбоордук документтер 2025-жылдын августунан тартып долбоордун расмий сайтында (https://kambarata1.org) жайгаштырылган:
- Айлана-чөйрө жана социалдык тармактарына болгон таасирди баалоо (АЧСТБ) долбоору;
- Экологиялык жана социалдык башкаруу пландары- АЧСТБ курамында;
- Жашоо каражаттарын калыбына келтирүү жана көчүрүү боюнча алкактык план;
- Кызыктар тараптар менен өз ара аракеттенүү планы жана даттанууларды кароо механизми;
- Эмгек ресурстарын башкаруу жол-жоболору;
- Топтолуучу таасирди баалоо долбоору- АЧСТБ курамында;
Консультациянын жүрүшүндө долбоордун командасы жана техникалык эксперттер долбоордун негизги компоненттерин, күтүлүп жаткан экологиялык жана социалдык таасирлерди жана сунуш кылынган пикирлерди көрсөтүштү.
Катышуучулар сейсмикалык туруктуулук, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, суу ресурстарын башкаруу, калктын ден соолугу жана коопсуздугу, жашоо каражаттарын калыбына келтирүү, маданий мурастарды коргоо, жергиликтүү жамааттар үчүн жумуш орундарын түзүү жана башка темаларды камтыган маселелердин кеңири чөйрөсүн активдүү талкуулашты. Коомчулук менен үзгүлтүксүз иштешүүнүн жана даттануу механизмдеринин натыйжалуу иштешинин маанилүүлүгү баса белгиленди.
Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун даярдоо алкагындагы консультациянын баардык этаптарындагыдай эле, баардык келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар кийинки жаңыртууда кылдат талданат.
Буга чейин, 2025-жылдын 6-октябрынан 10-октябрына чейин Энергетика министрлиги долбоордун аймагында жайгашкан төрт айылдык муниципалитеттин (Атай айыл аймагы (Тогуз-Торо району), Сары-Камыш, Иманалиев жана Толук айыл аймактары (Токтогул району)) тургундары менен бир катар консультацияларды өткөргөн. Бул жолугушууларга ошол аймакта жашаган 300гө жакын адам катышып, жайыттарды башкаруу, мал жаюу жолдору, инфраструктура муктаждыктары жана жашоо каражаттарын калыбына келтирүү маселелери талкууланды.
Коңшу өлкөлөрдүн (Кыргызстан, Казакстан, Таджикстан, Өзбекстан) деңгээлиндеги консультациялар 2025-жылдын ноябрь айында, Стамбул шаарында улуттук, аймактык жана эл аралык кызыктар тараптардын катышуусу менен өтөт.
Энергетика министрлиги Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашыруу боюнча ачык-айкын процесске болгон умтулуусун ырастайт жана кызыктар тараптардын өз ара аракеттенүү планына ылайык бардык тараптар менен кызматташууну улантат.