2024-жылдын 24-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасындагы Камбарата-1 ГЭСин куруу долбооруна экологиялык жана социалдык баа берүү боюнча улуттук консультациялардын биринчи раунду болуп өттү. Энергетика министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чарага жергиликтүү жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Улуттук консультациялардын негизги максаты – долбоордун экологиялык жана социалдык таасирин коомдук талкуулоо жана аларды азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн натыйжалуу жана ачык диалогду түзүү.
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев стратегиялык долбоорду талкуулоого жалпы коомчулуктун, өзгөчө жергиликтүү жана эл аралык бейөкмөт уюмдардын катышуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Камбарата-1 ГЭСи - бул ар бир кыргызстандыктын жашоосуна таасир этүүчү маанилүү улуттук долбоор. Биз ГЭСти даярдоо, куруу жана ишке киргизүү этаптарында бардык кызыкдар тараптардын пикирлерин жана сунуштарын эске алышыбыз керек. Ачык консультациялар бардык кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүүсү үчүн аянтча түзүп, долбоордун ачык-айкындуулугуна жана туруктуулугуна өбөлгө түзөт», - деп белгиледи Ибраев.
Консультациялардын жүрүшүндө катышуучулар Камбарата-1 ГЭСи долбоорунун учурдагы абалы жана аны ишке ашыруу пландары менен таанышты. Долбоордун социалдык жана экологиялык экспертизасын жүргүзүү боюнча өз сунуштарын айтышты.
Буга чейин, 2024-жылдын октябрь жана ноябрь айларында энергетика министрлиги долбоордун алкагында таасир этүүчү аймака кирген жергиликтүү жамааттар менен бир катар консультацияларды өткөргөн. Жергиликтүү деңгээлдеги консультациялардын жүрүшүндө Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун (Ничке-Сай, Толук, Сары-Камыш, Казарман айылдары) жашоочуларынын муктаждыктары кеңири изилденди. Алар социалдык жана экологиялык баалоо жүргүзүүнүн алкагында изилденмекчи.
Келечекте энергетика министрлиги жергиликтүү жана улуттук деңгээлде, ошондой эле Казакстан Республикасындагы жана Өзбекстан Республикасындагы кызыкдар тараптар менен консультациялардын дагы бир нече раундун өткөрүүнү пландаштырууда.
Маалымат үчүн:
Камбарата-1 ГЭСи – энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга, гидроэнергетикалык потенциалды максималдаштырууга, аймактык кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азияда таза энергияга өтүүнү тездетүүгө багытталган трансформациялык таза энергия долбоору.