Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун маанилүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги АЧСТБ долбоору боюнча комментарийлерди жана сунуштарды кабыл алуу мөөнөтүн 2025-жылдын 5-декабрына чейин узартуу чечимин кабыл алды.
Камбарата-1 ГЭСинин долбоору – Кыргыз Республикасы менен Борбордук Азиядагы энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга, гидро-энергетикалык потенциалды максималдаштырууга, аймактык кызматташууну бекемдөөгө жана таза энергияга өтүүнү тездетүүгө багытталган трансформациялык таза энергия демилгеси. 2024-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбарата-1 ГЭСин биргелешип өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюшкан.
Тараптар кызматташууга болгон умтулуусун дагы бир жолу ырасташты жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кийинки бир катар үч тараптуу жолугушуулардын жана консультациялардын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.
Өнүүгүү боюнча өнөктөштөр
Камбарата-1 ГЭСин кууруу боюнча Координациялык донордук комитетинин курамы
Долбоорлорду башкаруу бөлүмү
Дарек: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 326 Почта: pmo.kambarata@gmail.com Телефон: +996 990 191 845
Кыргыз Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 326 Почта: minenergo@mail.gov.kg Телефон: +996 312 670178
Казахстан Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Астана ш., Кабанбай баатыр көч., 16, блок А Почта: kence2@energo.gov.kz Телефон: +7 7172 786981
Өзбекистан Республикасынын энергетика министирлиги