2025-жылдын 18-19-июнунда Бишкек шаарында Камбарата-1 ГЭС долбоорунун жүрүшүнө арналган тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын делегациялары, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттик комиссиялар катышты.
Жыйындын катышуучуларын куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков: «Бүгүнкү жыйын өзгөчө мааниге ээ, анткени биз жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун талкуулап жатабыз. Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өнөктөштөрү, ошондой эле Дүйнөлүк банк жана эл аралык эксперттер менен биргеликте Камбарата-1 ГЭС долбоорунун жогорку эл аралык стандарттарга жана талаптарга толук жооп бериши үчүн чоң даярдык иштерин жүргүздү”.
Тегерек столдун жүрүшүндө швейцариялык AFRY инженердик компаниясы техникалык-экономикалык негиздеменин (ТЭН) долбоорун сунуштады. Негизги инженердик чечимдер, сейсмикалык анализдин натыйжалары, гидрологиялык эсептөөлөр жана долбоорлоо схемалары – бардыгы эл аралык мыкты инженердик практикага ылайык келтирилди. Техникалык-экономикалык негиздеме долбоору келечектеги гидроэнергетикалык объекттин ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн, ошондой эле андан аркы пландаштыруу жана чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.
Экологиялык жана социалдык таасирди баалоо (СЭТБ) жүргүзгөн эл аралык SMEC компаниясы тиешелүү документтерди тапшырды. Долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан экологиялык жана социалдык потенциалдуу таасирлерди азайтуу жана жумшартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Аялуу экосистемаларды коргоо механизмдери, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча чаралар каралды. Жергиликтүү коомчулуктун жайыттарын пайдаланууга байланыштуу маселелерди чечүүгө болгон мамилелер да эске алынды. Көрсөтүлгөн материалдар долбоордун туруктуу өнүктүрүү принциптерине жана эл аралык стандарттарга берилгендиги жөнүндө күбөлөндүрөт.
Бишкекте өткөн тегерек стол Камбарата-1 ГЭСин курулуш долбоорун ишке ашыруу жолунда маанилүү этап болуп калды.
Дүйнөлүк банк бул масштабдуу долбоорду даярдоодо ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө. Анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемени жаңылоо, экологиялык жана социалдык таасирге баа берүүнү даярдоо, долбоордун туруктуу структурасын иштеп чыгуу. Долбоордун алкагында ачык-айкындуулукту, ачык диалогду жана долбоорду ишке ашуунун контекстинде коомчулуктун ишенимин бекемдөө максаттарында жергиликтуу жамааттар, жарандылык коомдор жана башка кызыкдар тараптар менен кеңешүү иштерин жүргүзүү боюнча иштер жүргузүлүүдө.
Камбарата-1 ГЭС Борбордук Азиянын энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана гидроэнергетикалык потенциалды максималдаштырууга багытталган негизги аймактык демилге болуп саналат.