Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикасын өнүктүрүүгө кошумча техникалык жардам көрсөтөт
ВАШИНГТОН, 11-июль, 2024-жыл – Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлор кеңеши бүгүн Камбарата-1 ГЭСинин долбооруна 5 миллион долларлык техникалык жардам көрсөтүү долбооруна 13,6 миллион доллар кошумча каржылоону ырастады. Бул колдоо Камбарата-1 ГЭСин курулуш долбоорун экологиялык, техникалык, финансылык жана коммерциялык жактан туруктуу даярдоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Гидроэнергетикалык ресурстарды кененирээк пайдалануу Кыргыз Республикасынын туруктуу жана экологиялык жактан таза өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн энергиянын таза булактарына өтүү боюнча милдеттенмесине ылайык келет. Камбарата-1 ГЭСин куруу долбоору – Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азияда жеткиликтүү энергия менен камсыздоону жогорулатууга, суу-энергетикалык потенциалды максималдаштырууга жана таза энергияга өтүүгө багытталган маанилүү аймактык долбоор. Күтүлүп жаткан өндүрүш жылына орточо 5600 гигаватт-саатты түзөт. Бул Кыргыз Республикасындагы учурдагы электр энергиясын өндүрүүнүн дээрлик жарымын түзөт жана көмүртектин жылдык эмиссиясын 5 миллион тоннага азайтат. Долбоор ошондой эле Борбор Азия аймагында электр энергиясы соодасын кеңейтүүдө, энергетикалык тармактарды декарбонизациялоодо, күн жана шамал энергиясын интеграциялоодо колдоо көрсөтөт. Андан тышкары агымдын төмөн жагында жайшашкан Казакстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын сууга болгон муктаждыктарын натыйжалуу канааттандырат.
«Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасына таза энергетикалык потенциалды өнүктүрүүгө жардам берип жатат. Бул өлкөнүн жана аймактын таза энергия боюнча амбициялуу демилгелерин ишке ашырууда жана Борбордук Азияда суу-энергетикалык кызматташтыкты чыңдоодо ачкыч болот. Дүйнөлүк банктын колдоосу Камбарата-1 ГЭСин туруктуу жана финансылык жактан жөндөмдүү негизде куруу долбоорун комплекстүү даярдоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жардам көрсөтөт», - деди Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн менеджери Хью Ридделл. Камбарата-1 ГЭСин курулуш долбооруна ишке ашырылып жаткан техникалык жардам долбоору 2023-жылдын күзүндө бекитилгенден бери олуттуу прогресске жетишти. Бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин жаңылоо, экологиялык жана социалдык документтерди даярдоо жана 2024-жылдын июнь айында Венада өткөн Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумдун алкагында Донордук координациялык комитетти түзүү иштерди камтыйт. Бир катар негизги иш-чаралардын толук аткарылышын камсыз кылуу үчүн кошумча каржылоо зарыл. Алардын ичинде плотиналардын коопсуздугу, экологиялык жана социалдык маселелер боюнча эксперттик топторду түзүү, пайданы бөлүштүрүү планын иштеп чыгуу, долбоордун каржылык планын жана коммерциялык негизин структуралаштыруу, долбоордук компанияны түзүү жана башка негизги иш-чаралар кирет.
Бул кошумча каржылоо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) аркылуу жеңилдетилген шарттарда берилет. Тактап айтканда, 11 миллион доллар 50 жылдык, пайызсыз, анын биринчи 10 жылы жеңилдетилген шарттагы насыя. Калган 2,6 миллион доллар Борбордук Азиянын суу-энергетика программасынын (CAWEP) гранттык каражаттарынан. CAWEP өзгөрүп жаткан климаттын шартында Борбор Азиядагы суу жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн аймактык кызматташтыкты чыңдоо максатында Дүйнөлүк Банк, Европа Биримдиги, Швейцария жана Улуу Британиянын ортосундагы өнөктөштүк болуп саналат.
Дүйнөлүк банктын жалпы миссиясы – өтө жакырчылыкты жоюу жана жашоого ыңгайлуу планетада жалпы гүлдөп-өнүгүүгө көмөк көрсөтүү. Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы программасы учурда секторлор боюнча модернизациялоону жана өнүктүрүүнү колдогон 25 долбоордон турат. Алардын жалпы суммасы 1,2 миллиард доллардан ашат.