2025-жылдын 4–5-ноябрында Стамбул шаарында (Түркия) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги министрдин орун басары Алтынбек Рысбековдун жетекчилиги астында Камбар-Ата-1 ГЭСинин Айлана-чөйрө жана социалдык тармактарына болгон таасирди баалоо (АЧСТБ) долбоору боюнча эл аралык консультацияларды өткөрдү. Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына ошондой эле табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова жана тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов кирди.
Консультацияларга төмөнкү жетекчилер башында турган расмий делегациялар катышты: энергетика министринин орун басары Манучехр Сафарзода (Тажикстан), энергетика министрлигинин электр энергиясын өндүрүү бөлүмүнүн начальниги Умархужа Нигмонов (Өзбекстан) жана онлайн-форматта – энергетика министрлигинин электр энергиясын өнүктүрүү департаментинин директору Асылжан Мусин (Казакстан). Ошондой эле улуттук жарандык коомдун, илимий-изилдөө институттарынын, эксперттик коомчулуктун, аймактык жана эл аралык коомдук уюмдардын 50дөн ашык өкүлү онлайн катышышты.
Иш-чаранын максаты — эл аралык кызыкдар тараптарды, анын ичинде коңшу өлкөлөрдөгүлөрдү, АЧСТБ долбоорунун жыйынтыктары жана сунуштары менен маалымдоо, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруунун мүмкүн болгон экологиялык жана социалдык кесепеттерин, коркунучтарды алдын алуу жана жумшартуу чараларын талкуулоо, ошондой эле кызыкдар тараптардан сунуш-пикирлерди жана комментарийлерди чогултуу. Консультациялар эл аралык экологиялык жана социалдык мыкты практика талаптарына ылайык ачык-айкындыкты жана ачык диалогду камсыздоого багытталган.
Маалыматтын жеткилүүлүгү. Алдын ала таанышуу жана пикир калтыруу үчүн 2025-жылдын август айынан тартып долбоордун расмий сайтында — https://kambarata1.org — төмөнкү материалдар жарыяланган:
Консультациянын жүрүшү. Катышуучулардын арасында Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча экологиялык жана социалдык маселелер боюнча эл аралык эксперттик панелдин төрагасы Марк Кинг, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча плотиналардын коопсуздугу боюнча эл аралык эксперттик панелдин төрайымы Лилиана Спасич-Грил болду. Ошондой эле социалдык өнүктүрүү, жайыттарды башкаруу, маданий мурастарды коргоо, биологиялык ар түрдүүлүк, экологиялык коргоо, гендердик маселелер жана кумулятивдик таасир боюнча бир катар эксперттер катышты.
Долбоордук команда жана техникалык эксперттер долбоордун негизги компоненттерин, күтүлгөн экологиялык жана социалдык таасирлерди, ошондой эле аларды минималдаштыруу жана жумшартуу чараларын сунушташты. Талкуу интерактивдүү форматта улантылды, анда өкмөттүк түзүмдөрдүн, жарандык коомдун, илимий-эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү тактоочу суроолорду берип, өз сунуштарын айта алды. Айрыкча биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, калк үчүн социалдык-экономикалык кесепеттер, жээк зонасындагы жамааттардын коопсуздугу жана долбоордун кийинки этаптарында кызыкдар тараптардын катышуу механизмдери маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан аркы кадамдар. Эл аралык консультациялардын жүрүшүндө түшкөн бардык сунуштар жана комментарийлер катталды жана АЧСТБ долбоорлорун жаңыртуу учурунда кылдаттык менен талданат. Мындан тышкары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун региондук маанисин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги АЧСТБ долбоору боюнча комментарийлерди жана сунуштарды кабыл алуу мөөнөтүн 2025-жылдын 5-декабрына чейин узартуу чечимин кабыл алды.
Ачыктык жана катышуу принциптерине берилгендик. Буга чейин, 2025-жылдын 6–10-октябрында, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги долбоор аймагындагы беш айыл аймак үчүн — Атай жана Каргалык (Тогуз-Торо району), Сары-Камыш, Иманалиев жана Толук (Токтогул району) — жергиликтүү консультациялардын экинчи раундун өткөзгөн. Иш-чараларга болжол менен 300гө чукул адам катышкан.
2025-жылдын 15-октябрында Бишкек шаарында 150гө жакын кызыкдар тараптын катышуусунда улуттук консультациялардын экинчи раунду болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун ишке ашырууда ачыктык, инклюзивдүүлүк жана айкындуулук принциптерине берилгендигин тастыктайт жана бардык кызыкдар тараптар менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууну ниеттенет.

- Айлана-чөйрө жана социалдык тармактарына болгон таасирди баалоо (АЧСТБ) долбоору;
- Экологиялык жана социалдык башкаруу пландары — АЧСТБ курамында;
- Жашоо каражаттарын калыбына келтирүү жана көчүрүү боюнча алкактык план;
- Кызыктар тараптар менен өз ара аракеттенүү планы жана даттанууларды кароо механизми;
- Эмгек ресурстарын башкаруу жол-жоболору;
- Топтолуучу таасирди баалоо долбоору — АЧСТБ курамында.