Вена, 2024-жылдын 10-июнь – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Венада, Австрияда Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумду уюштурду. Иш-чара Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия Өкмөтүнүн жардамы менен өттү. Форум бул аймактын, ошондой эле Европанын, Жакынкы Чыгыштын жогорку даражалуу делегацияларынын, эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрүнүн жана жеке инвесторлордун катышуусунда Борбордук Азиянын энергетикасын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо аянтчасына айланды.
Эл аралык энергетикалык форум 200дөн ашык жогорку деңгээлдеги делегаттарды чогултту. Анын негизги максаты Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын реформалоодогу жетишкендиктерин жана региондогу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү.
Борбордук Азиянын таза энергетикага өтүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жалпы суммасы 16 млрд АКШ долларын түзгөн гидроэнергетика жана күн энергиясы тармагындагы 12 инвестициялык долбоор сунуштады.
Бул долбоорлорду ишке ашыруу өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү кеңейтүүгө жана диверсификациялоого, ошондой эле мамлекеттик жана жеке инвестициялардан максималдуу эффект алууга мүмкүндүк берет.
“Бул форум Кыргыз Республикасы үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн эсте каларлык болот. Анткени биринчи кезекте аймактык маанидеги Камбарата-1 ГЭСин куруу долбоорду андан ары ишке ашыруу маселеси талкууланат”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров. «Форум туруктуу өнүгүүгө карай маанилүү кадам жана бизди жашыл жана гүлдөп өнүккөн дүйнөгө алып баруучу жолдун жаркын башталышы болот».
«Энергетикага ишенимдүү жетүү Кыргыз Республикасынын гана эмес, бүткүл Борбордук Азиянын өсүп-өнүгүшү үчүн маанилүү. Биз аймакты жана негизги өнөктөштөрүбүздү бирдиктүү максаттын айланасында бириктирүүгө жардам бергенибизге сыймыктанабыз. Борбордук Азиядагы ар бир үйгө суудан, күндөн же шамалдан энергия алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, ошол эле учурда планетабызды келечек муундар үчүн коргоп калуу», - деди Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани.
Форумдун борбордук окуясы Борбордук Азиядагы суу-энергетика тармагын трансформациялоо үчүн катализатор болууга багытталган Камбарата-1 ГЭСин куруу долбоору болду.
Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын теңдешсиз кызматташуусунун аркасында долбоор аймактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге алынып чугууда. Бул энергетикалык коопсуздукту жана жашыл экономикага өтүүнү кепилдей алат. Мындан тышкары, долбоор сезондук жана циклдик термелүүлөрдү тегиздөө аркылуу суу менен камсыздоону оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Натыйжада облус боюнча ирригация, суу менен камсыздоо, демек, азык-түлүк коопсуздугу бекемделет.
Форумдун алкагында Камбарата-1 ГЭСин куруу долбоорунун донорлордун координациялык комитети түзүлүп, анын курамына алдыңкы эл аралык каржы институттары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кирген. Комитет туруктуу макроэкономикалык, коммерциялык, экологиялык жана социалдык моделдин алкагында долбоорду өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт.
Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда Камбарата-1 ГЭСин биргелешип куруу боюнча ведомстволор аралык келишимге кол коюлушу да аймактык кызматташтыкты кеңейтүүгө карай маанилүү кадам болду.
Иш-чара Дүйнөлүк банк тарабынан башкарылуучу жана Европа Биримдиги, Швейцария жана Улуу Британия тарабынан каржыланган Борбордук Азиядагы Суу жана Энергетика Программасы (CAWEP), билим жана техникалык жардам боюнча аймактык өнөктөштүк жана Энергетика секторун башкарууга көмөк көрсөтүү программасы (ESMAP) тарабынан колдоого алынган.