Жаңылыктар

Энергетика министрлиги Камбарата-1 ГЭСинин долбоору боюнча жергиликтүү кызыкдар тараптар менен коомдук талкуулардын экинчи айлампасын өткөрдү

Камбарата-1 ГЭСинин долбоору боюнча жергиликтүү кызыкдар тараптар менен коомдук талкуулардын экинчи айлампасы 2025-жылдын 6–10-октябры аралыгында долбоор аймагына кирген төрт айыл аймактарында өткөрүлдү. Алардын катарына Атай айыл аймагы (Тогуз-Торо району), ошондой эле Сары-Камыш, Иманалиев жана Толук айыл аймактары (Токтогул району) кирди. Талкууларга жалпысынан 300гө жакын тургун катышты.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан уюштурулган коомдук талкууларга Камбарата-1 ГЭСинин курулушунун жүрүшүндө түздөн-түз таасирге дуушар болушу мүмкүн болгон жергиликтүү жашоочулар — дыйкандар, малчылар, коомдук лидерлер жана айымдар — катышты. Мындан тышкары, иш-чараларга Энергетика министирлигинин, Камбарата-1 ГЭСинин долбоорун башкаруу бөлүмүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана социалдык өнүгүү, жайыттарды башкаруу, экология, биотүрдүүлүк жана гендердик маселелер боюнча адистер катышышты. Бардык катышуучулар Айлана-чөйрө жана социалдык тармактарына болгон таасирди баалоо (АЧСТБ) документтеринин долбоорун жана таасирди жумшартуу чараларын инклюзивдүү жана ар тараптуу талкуулоого өзгөчө көнүл бурушту.

Талкуулар негизинен жергиликтүү маанилүү маселелерге багытталды. Айрыкча суу сактагычты толтуруунун натыйжасында жайыт аянттарынын бир бөлүгүнүн жоголушу, айрым мал айдоо жолдорунун бузулушу жана жашоо каражаттарын калыбына келтирүүнүн так жана натыйжалуу чаралары зарылдыгы белгиленди. Катышуучулар ошондой эле долбоорду куруу учурунда жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат сурап, жергиликтүү калкты жумушка тартууга артыкчылык берүүнүн жана талаптардын ачык-айкын болушун белгилешти. Коомдук талкуулардын алкагында жергиликтүү тургундар жолдорду, мектептерди жана саламаттык сактоо объектилерин жакшыртуу зарылдыгын да баса белгилешти.

Айымдар бардык төрт коомдук талкууда активдүү катышышып, өзүнчө сессиялар да өткөрүлдү. Бул сессиялар айымдарга өзгөчө тынчсызданууларын билдирүүгө мүмкүнчүлүк берди — жайыттардын жоголушу үй-бүлөнүн кирешесине кандай таасир этери жана долбоордун алкагында кесиптик даярдоого жана жумушка орношууга тең мүмкүнчүлүк берүүнүн маанилүүлүгү талкууланды.

Катышуучуларга долбоордун даттанууларды кароо механизми тууралуу маалымат берилди. Бул механизм аркылуу кайрылуу, сунуштарды же арыздарды ар кандай каналдар аркылуу билдирүүгө болот: WhatsApp топтору, Энергетика министрлигинин расмий сайты, Камбарата-1 ГЭСинин долбоорунун сайты (www.kambarata1.org), ошондой эле купуя түрдө кайрылуулар үчүн өзүнчө канал каралган. Ошондой эле долбоор бекитилгенден кийин жергиликтүү калк менен диалог улантылары жана кызыкдар тараптар менен аракеттешүү планына ылайык кошумча коомдук жолугушуулар өткөрүлөрү маалымдалды.

Бул талкуулар учурунда алынган бардык пикирлер жана сунуштар кылдат документтештирилип, АЧСТБ жана Жалпы таасирди баалоо документтерин финалдык вариантын иштеп чыгуу убагында эске алынат.