2025-жылдын 27-январында Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) тегерек стол болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Өзбекстан Республикасынын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов жана Казакстан Республикасынын Энергетика министринин орун басары Сунгат Есимханов катышты.
Иш-чарага ошондой эле Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, анын ичинде Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова, стратегия жана операциялар боюнча Европа жана Борбордук Азия региону боюнча директору Каролина Санчес-Парамо жана Европа жана Борбордук Азия региону боюнча инфраструктура боюнча аймактык директору Чарльз Кормье катышты.
Талкуунун негизги темасы үч өлкөнүн биргелешкен күч-аракети менен ишке ашырылып жаткан негизги аймактык долбоору, Камбарата-1 ГЭСин андан ары өнүктүрүү болду.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Камбарата-1 ГЭС долбоору эл аралык каржы институттары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан чоң кызыгуу жаратканын баса белгиледи.
«Кыргыз Республикасында биз Камбарата-1 ГЭСинин курулушун «кылымдын долбоору» деп атайбыз. Анын аймактык кызматташтыкты чыңдоого жана бүтүндөй Борбордук Азия аймагынын узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн зор потенциалы бар. Бүгүн Ташкентте өтүп жаткан тегерек стол 2024-жылы Вена, Брюссел жана Вашингтондо өткөн бир катар жолугушууларды улантууда. Бул иш-чаралар долбоорду ишке ашырууну координациялоого жана тездетүүгө, ошондой эле зарыл болгон эл аралык колдоону тартууга өбөлгө түзөт”, - деди Таалайбек Ибраев.
Казакстан Республикасынын энергетика министринин орун басары Сунгат Есимханов үч өлкөдө саясий эрк бар экенин жана долбоорду биргелешкен күч-аракет менен ишке ашыруу зарылдыгын баса белгиледи.
"Бүгүнкү тегерек стол суу-энергетика тармагындагы регионалдык кызматташтыктын чыңдалышынын дагы бир далили болуп саналат. 1860 МВт кубаттуулуктагы Нарын дарыясындагы ГЭС Борбордук Азиядагы эң ири ГЭСтердин бирине айланат жана Борбордук Азия аймагында өлкөлөрдүн ортосундагы жакшы коңшулук мамилелердин мындан ары өнүгүүнсүнө салым кошот деп ишенем", - деди Есимханов.
Өзбекстан Республикасынын Энергетика министри Журабек Мирзамахмудов жолугушуунун катышуучуларын куттуктады. Ошондой эле өлкөнүн өкмөтү бүткүл Борбордук Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бул аймактык долбоорду ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө ниетин ырастады.
«Биз үч тараптуу жолугушуунун алкагында Камбарата-1 ГЭСи долбоорунун катышуучуларын Ташкентте тосуп жатканыбызга кубанычтабыз. Бул долбоор биздин мамлекеттердин жетекчилигинин көңүл буруусунда. Долбоор Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнө олуттуу пайда алып келет, аймактык энергетикалык коопсуздукту бекемдейт, “жашыл” экономикага өтүүнү тездетет жана суу ресурстарын пайдалануусун жакшыртат деп ишенебиз”,-деди Журабек Мирзамахмудов.
Тараптар Дүйнөлүк банктан Камбарата-1 ГЭСин курулуш долбоорун даярдоого жана каржылоого көмөк көрсөтүүнү суранышты. Учурда кыргыз тарап Дүйнөлүк банктын техникалык колдоосунун алкагында техникалык-экономикалык негиздемени жаңылоо боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул Камбарата-1 ГЭС долбоорунун техникалык, экономикалык, каржылык, экологиялык жана социалдык компоненттерине баа берүү, ошондой эле аны андан ары ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка негизги иш-чараларды жана изилдөөлөрдү ишке ашырууну камтыйт.
Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова белгилегендей: “Дүйнөлүк банк үч өлкөнүн өкмөттөрүн аймактын туруктуу энергетикалык келечегин камсыз кылуу, экономикалык өсүштү тездетүү жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу аракеттерин колдоого даяр экендигин ырастады. Камбарата-1 ГЭСин курулуш долбоорун ишке ашырууда техникалык жардам көрсөтүүнү улантабыз. Өнүктүрүү боюнча башка эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каржылоону тартуунун үстүндө иштеп жатабыз».
Жолугушуунун жүрүшүндө үч өлкөнүн энергетика министрлери Камбарата-1ГЭСин куруу долбоорун биргелешип иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун негизги принциптери боюнча макулдашууга жетишти. Негизги этаптары аныкталып, долбоорду ишке ашыруу структурасы бекитилди. Тараптар ошондой эле долбоорду ишке ашырууда координацияны, кызматташтыкты жана стабилдүү прогрессти камсыз кылуу үчүн министрлер деңгээлинде жана эл аралык донорлордун катышуусунда үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.