2026-жылдын 31-мартынан 2-апрелине чейин Бишкекте Борбор Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ишке ашыруу боюнча өкмөттөр аралык макулдашуунун (ӨАМ) долбоору тууралуу сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы болуп өттү. Бул ири энергетикалык долбоор Кыргыз Республикасынын аймагындагы Нарын дарыясында кубаттуулугу 1880 МВт болгон гидроэлектростанцияны курууну камтыйт жана Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан үч өлкөнүн тыгыз кызматташуусунун алкагында ишке ашырылат.
Жогорку деңгээлдеги делегацияларды Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков, Казакстан Республикасынын энергетика вице-министри Сунгат Есимханов жана Өзбекстан Республикасынын энергетика министринин орун басары Умид Мамадаминов жетектешти. Сүйлөшүүлөргө ошондой эле тараптардын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусу, бул долбоорду ишке ашырууга комплекстүү жана макулдашылган ыкманын бар экенин көрсөтөт.
Сүйлөшүүлөргө байкоочу катары Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышып, долбоордун негизги стратегиялык өнөктөшү жана негизги потенциалдуу эл аралык финансылык кредиторлорунун бири катары өздөрүнүн маанилүү ролун тастыкташты.