Камбарата-1 ГЭСинин курулушу үчүн дамбаны тандап алуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Дүйнөлүк банктын кызматкерлери жана эл аралык эксперттер катышты.
Адистердин белгилөөсүндө бул жолугушуу Камбарата-1 ГЭСинин курулушу үчүн чоң мааниге ээ. Анткени дамбаны тандоо, андан соң техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу долбоордун негизги этабы болуп саналат.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк банк Камбарата-1 ГЭСинин курулушунун долбоорун даярдоо иштерин каржылагандардын бири. Ал эми техникалык-экономикалык негиздемени Швейцариянын AFRY инженердик компаниясы иштеп чыгууда.
Тегерек столдун жыйынтыгында дамбанын түрү тандалып, анын негизинде техникалык-экономикалык негиздемени 2025-жылдын май айына чейин даярдоо чечими кабыл алынды.
Учурда Камбарата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүү боюнча бир катар иштер аткарылды.
Анда үстүбүздөгү жылдын 30-августуна карата 1388 метр узундуктагы транспорттук тоннелдин курулушу аяктады. 15 чакырымдык бетон жолдордун бир тилкеси бүткөрүлдү. Электр чубалгыларын тартуу иши 80%га аткарылды. Ал эми 110 кВ электр берүү линиясы менен 110/6 кВ көмөкчордонун курулушун бүтүрүү 2024-жылдын аягына чейин пландаштырылган. Ошондой эле Нарын дарыясына көпүрө куруу жана жумушчулар үчүн шаарчаны салуу иштери да жүрүп жатат. ГЭСти куруу боюнча бардык даярдоо этаптары 2025-жылдын май айына чейин толук аяктайт деп күтүлүүдө.