Жаңылыктар

Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Өзбекстандын энергетика министрлери Кымбарата-1 ГЭСи долбоорун илгерилетүү боюнча кийинки кадамдарды талкуулашты

2025-жылдын 25–26-сентябрында Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Өзбекстандын энергетика министрлери Борбор Азиядагы энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган ири региондук демилге болгон Кымбарата-1 гидроэлектростанциясы (ГЭС) долбоору боюнча үчүнчү министрлик тегерек столго Брюссель шаарында (Бельгия) чогулушту.

Жыйынга Казакстандын энергетика министри Ерлан Аккенженов, Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов, ошондой эле үч өлкөнүн каржы министрликтеринин жана суу ресурстары министрликтеринин жетикчилери катышты. Катышуучулар Кыргыз Республикасынын Нарын дарыясында курула турган кубаттуулугу 1860 мегаватт болгон Кымбарата-1 ГЭСин илгерилетүү боюнча кийинки кадамдарды талкуулашты. Бул долбоор үч өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан биргелешип ишке ашырылууда.

Үчүнчү тегерек стол 2025-жылдын январь айында Ташкентте жана май айында Дубайда өткөн жолугушуулардын оң жыйынтыктарына таянып өткөрүлдү. Талкуулар долбоорду даярдоо боюнча жүрүп жаткан иштерге, анын ичинде техникалык-экономикалык негиздеменин акыркы долбооруна, экологиялык жана социалдык таасирди баалоо боюнча документтерге, ошондой эле 2025-жылдын октябрь–ноябрь айларына пландаштырылган жергиликтүү, улуттук жана чектешкен мамлекеттердин кызыкдар тараптар менен кеңешмелерге арналды. Ошондой эле долбоордун институционалдык механизмдери, жаңыланган каржылоо муктаждыктары жана эл аралык каржы институттарынын жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн мүмкүн болгон колдоосу талкууланды.

Энергетика министрлери өз өкмөттөрүнүн долбоорду ишке ашырууга болгон күчтүү саясий колдоосун дагы бир жолу ырасташты. Бул долбоор Борбор Азиядагы региондук коопсуздукту чыңдоонун жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги фактору катары бааланууда. Үч тараптуу жолугушуу долбоорду илгерилетүүнүн кийинки кадамдары жана мөөнөттөрү боюнча макулдашуулар менен жыйынтыкталды.

Тегерек столду Дүйнөлүк банк уюштурду. Үч өлкөнүн өкмөттөрүнүн өтүнүчү менен бул эл аралык каржы институту Кымбарата-1 ГЭСи долбоорун даярдоого техникалык жардам көрсөтүп келет. Бул жардамга техникалык-экономикалык негиздемени жаңылоо, экологиялык жана социалдык баалоо документтеринин долбоорлорун даярдоо, ошондой эле эл аралык техникалык, экологиялык жана социалдык стандарттарга ылайык туруктуу каржылоо планы менен коммерциялык моделди иштеп чыгуу кирет.