Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги кызыкдар тараптарды Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизилчү таасирин баалоо боюнча документтер топтомунун (АЧСТБ) долбоору боюнча эл аралык деңгээлдеги коомдук консультацияларга катышууга чакырат. Консультациялар Кыргыз Республикасында 2025-жылдын октябрь айында өткөн улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги консультациялардын экинчи айлампасынын логикалуу уландысы болуп саналат.
Укуктук негиз жана документтерди даярдоо. Консультациялар Кыргыз Республикасынын «Айылана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 46-беренесине (1999-жылдын 16-июну №53), Кыргыз Республикасында айлана-чөйрөгө тийгизилчү таасирди баалоону жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы №60 токтомуна, тиешелүү эл аралык конвенцияларына (анын ичинде Орхус конвенциясына) жана Дүйнөлүк банктын экологиялык-социалдык принциптерине ылайык жүргүзүлөт. АЧСТБ документтер топтомунун долбоору эл аралык SMEC компаниясы тарабынан даярдалган.
Катышуу форматы — бардык кызыкдар тараптар үчүн ачык. Мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, академиялык жана эксперттик чөйрөнүн, жалпыга маалымдоо каражаттары, бизнестин өкүлдөрү жана кызыкдар жарандар катыша алышат. Алдын ала каттоодон өткөндөр үчүн өз каражаттарынын эсебинен жеке катышуу жана онлайн кошулуу каралган.
Өткөрүү мөөнөтү жана жери. Консультациялар 2025-жылдын 4–5-ноябрында Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өтөт, катталган катышуучулар үчүн онлайн кошулуу мүмкүнчүлүгү камсыздалат.
Каттоо жана байланыш. Катышууну тастыктоо жана форматты тандоо үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун башкаруу бөлүмүнүн расмий электрондук дарегине электрондук кат жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз: pmo.kambarata@gmail.com. Катталгандарга онлайн кошулуу үчүн шилтеме жөнөтүлөт же консультациялар өтө турган жайдын дареги берилет. Катышууну 2025-жылдын 3-ноябры, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин тастыктоого болот.
Коомдук талкуу үчүн документтер 2025-жылдын 21-августунан тартып кыргыз, орус жана англис тилдеринде долбоордун расмий сайтына жайгаштырылган: kambarata1.org
Материалдар долбоордук мүнөздө болуп, коомдук консультацияларды өткөрүү максатында жарыяланган; алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин акыркы позициясын чагылдырбайт. Түшкөн бардык комментарийлер документтештирилип, кароодон өтүп, АЧСТБ жана Кумулятивдик таасирди баалоо документтерин тактоодо эске алынат.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорунун маанилүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги АЧСТБ долбоору боюнча комментарийлерди жана сунуштарды кабыл алуу мөөнөтүн 2025-жылдын 5-декабрына чейин узартуу чечимин кабыл алды.
Материалдар боюнча жазуу жүзүндөгү комментарийлер жана сунуштар pmo.kambarata@gmail.com дарегине же төмөнкү дарекке кабыл алынат: Бишкек ш., Жибек-Жолу проспекти, 326, 115-бөлмө.
Байланыштар:
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун башкаруу бөлүмү:
pmo.kambarata@gmail.com
Тел.: +996 990 191 845 (WhatsApp)