Жаңылыктар

Энергетика министри Камбарата-1 ГЭС долбоорунун донорлорунун Координациялык комитетинин делегациясы менен жолугушту

2024-жылдын 7-11-октябрында Камбарата-1 ГЭС долбоорунун донорлорунун координациялык комитетинин делегациясы Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул Координациялык комитет 2024-жылдын июнь айында Венада өткөн Кыргыз Республикасынын энергетикалык инвестициялык эл аралык форумунун жүрүшүндө түзүлгөн. Анын негизги максаты Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүү жана таза энергетикалык долбоорлорго инвестиция тартуу.

Долбоорду даярдоонун жүрүшү менен таанышуу үчүн донорлордун координациялык комитетинин делегациясы Камбарата-1 ГЭС объектисине барды. Долбоорду даярдоонун жүрүшүн жана мындан аркы биргелешкен кадамдарды талкуулоо үчүн энергетика министри Таалайбек Ибраев жана башка жогорку бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү. Келечекте натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу үчүн үзгүлтүксүз консультацияларды жүргүзүү жана маалымат алмашуу механизми да иштелип чыккан.

Комитетке Дүйнөлүк банктын, Азия өнүктүрүү банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын, Европа биримдигинин, Европа инвестициялык банкынын, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин жана Улуу Британиянын Тышкы иштер жана Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү кирген. Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын жана ОПЕК фондунун өкүлдөрү негизги жолугушууларга аралыктан катышты.

Биргелешкен миссия Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды колдонуу тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган Камбарата-1 ГЭС долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү кадам болду.
2024-10-11 19:59