Коомдук угууларды/талкууларды/консультацияларды жарыялоо Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо (АСЧТТБ) боюнча документтердин долбоорлору жөнүндө
БИЛДИРҮҮ
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы № 53 «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 46-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасындагы айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине баа берүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 18-пунктуна (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 60 токтому менен бекитилген), ошондой эле маалыматка жетүү, чечимдерди кабыл алууга коомчулуктун катышуусу жана сот адилеттигине жетүү жөнүндө Орхус Конвенциясына ылайык, 2015-ж. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо боюнча документтердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды/талкууларды/консультацияларды өткөрүү жөнүндө билдирет (подрядчы – « SMEC» тарабынан даярдалган).
Тогуз-Торо жана Токтогул райондорунда коомдук угуулар/талкуулар/жергиликтүү жамааттар менен консультациялар өткөрүлөт.
Бишкек шаарында улуттук кызыкдар тараптар менен жолугушуу болот.
Тогуз -Торо районунун Атай Айыл аймагы, Арал айылы
6-октябрь, 2025-жыл
10:00 башталат
Айыл өкмөтүнүн имараты
Токтогул районунун Сары-Камыш айыл аймагы, Сары - Камыш айылы
7-октябрь, 2025-жыл
10:00 башталат
Айыл өкмөтүнүн имараты
Токтогул районунун Толук айыл аймагы, Толук айылы
8-октябрь, 2025-жыл
10:00 башталат
Айыл өкмөтүнүн имараты
Токтогул районунун Иманалиев айыл аймагы, Ничке -Сай айылы
9-октябрь, 2025-жыл
10:00 башталат
Айыл өкмөтүнүн имараты
Бишкек шаары
15-октябрь, 2025-жыл
10:00 башталат
Орозбеков көчөсү, 87
Долбоордун атайын веб-сайтынан тапса болот: https :// kambarata 1.org үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде.
кат жүзүндө - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү, 326 дарегине
Көңүл бургула! Сунуштарды жана сын-пикирлерди берүүнүн акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 14-октябры саат 17:00 .
Бул документ коомдук талкуу өткөрүү максатында даярдалган долбоордук версия болуп саналат. Ал айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирди баалоо (АЧСТБ/ESIA) акыркы пакетин билдирбейт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими катары каралбайт. Коомдук талкуу учурунда түшкөн бардык комментарийлер жана сунуштар кылдат түрдө катталып, каралып чыгып, акыркы АЧСТБ жана Кумулятивдик таасирди баалоо (CIA) документин даярдоодо эске алынат.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитиндеги билдирүү.