Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Камбарата-1 ГЭС долбоору боюнча Айлана-чөйрөгө жана социалдык таасирге баа берүүнүн (АЧСТБ) долбоорунун жарыяланганын, ошондой эле коомдук талкуулардын экинчи этабын баштаганын жарыялайт. Бул кадам долбоордун ачыктык принциптерине берилгендигин, экологиялык жана социалдык маселелерди эффективдүү башкарууну жана кызыкдар тараптардын кеңири катышуусун тастыктаган маанилүү этап болуп саналат.
АЧСТБ отчетунун долбоору эл аралык таанылган SMEC консалтинг компаниясы тарабынан улуттук жана эл аралык эксперттер менен тыгыз кызматташтыкта даярдалган. Даярдоо процесси ар тараптуу изилдөөлөрдү, талаа жумуштарын жана кызыкдар тараптар, анын ичинде долбоордун аймагындагы жергиликтүү жамааттар, ошондой эле улуттук деңгээлдеги өкүлдөр менен кеңири консультацияларды камтыйт.
Долбоордун отчетунда Камбарата-1 ГЭС долбоор менен байланышкан потенциалдуу экологиялык жана социалдык таасирлерге кеңири баа берилген. Айрыкча, суу ресурстарынын сапаты жана көлөмү, курулуш мезгилиндеги абанын жана топурактын сапаты, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери каралган. Ошондой эле, маданий мурастарды коргоо, калктын жашоо каражаттарына жана экономикалык ишмердүүлүгүнө тийгизген таасирлер, коомдук саламаттыкты сактоо жана коопсуздук маселелери, эмгек ресурстарын башкаруу жана кумулятивдүү таасирлер да камтылган.
Документ мүмкүн болуучу терс таасирлерди жумшартуу чаралары боюнча сунуштарды, экологиялык жана социалдык башкаруу пландарын, ошондой эле мүмкүн болгон зыянды азайтууга жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүүгө багытталган мониторинг системаларын камтыйт. Долбооорду ишке ашыруунун бардык этаптарында катышууну жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу кызыкдар тараптарды тартуу жана даттанууларды кабыл алуу механизмдери түзүлгөн.
АЧСТБ отчетунун долбоорунун жарыяланышы долбоордун мыкты эл аралык тажрыйбаларга жана бардык кызыкдар тараптар менен ачык диалог жүргүзүүгө берилгендигин тастыктайт. Бул этапта отчеттун долбоору акыркы эмес. Бул пикирлерди, суроолорду жана сунуштарды алуу үчүн даярдалган иш варианты. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бардык кызыкдар тараптарды, анын ичинде таасир этиши мүмкүн болгон жамааттарды, жарандык коом уюмдарын жана жалпы коомчулукту отчет менен таанышууга жана өз комментарийлерин жөнөтүүгө чакырат. Бардык алынган пикирлер жана суроолор кылдаттык менен каралып, мүмкүн болушунча долбоор боюнча негизги чечимдерди кабыл алуу үчүн АЧСТБнын акыркы вариантында эске алынат. Отчеттун толук тексти долбоордун расмий сайтында таанышуу үчүн жеткиликтүү: https://kambarata1.org/kg/environmental-social-aspects.
Коомдук консультациялар мезгили 2025-жылдын 1-октябрына чейин ачык болот. Кошумча маалымат алуу же комментарий жөнөтүү үчүн долбоордун веб-сайтынын “Байланыштар” бөлүмүнө кириңиз https://kambarata1.org/kg/contacts. 2025-жылдын сентябрь аяктарында – октябрдын ичи Энергетика министрлиги сын-пикирлерди талкуулоо жана долбоорду пландаштыруу процессине кызыкдар тараптардын пикирлерин киргизүү үчүн жергиликтүү, улуттук жана чек ара деңгээлинде коомдук консультациялардын экинчи раундун өткөрөт.

Маалымат булагы: https://minenergo.gov.kg/news/824