Экологиялык жана социалдык аспектилери

Камбарата-1 ГЭС долбоору туруктуу өнүгүүгө багытталган. Ал ишке ашыруунун бардык этаптарында экологиялык жана социалдык аспектилердин интеграциясын камсыз кылат.

Долбоор 261 метр бийиктиктеги бетон дамбаны курууну камтыйт. Ал капчыгайдын агымында узундугу 68 км жана 61,2 км² аянтты ээлеген узун суу сактагычты түзөт.

2024-жылдын июль айынан баштап SMEC эл аралык консалтинг компаниясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана алдыңкы эл аралык тажрыйбага ылайык айлана-чөйрө жана социалдык тармактарына болгон таасирди баалоо (АЧСТБ) жүргүзүүдө. Бул АЧСТБ кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн күтүүлөрүнө жооп берерин камсыздайт.

Айлана-чөйрө жана социалдык тармактарына болгон таасирди баалоо отчетунун проектиси

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2025-жылдын 21-августунда Камбарата-1 ГЭС долбоору боюнча Айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирди баалоо (АЧСТБ) боюнча отчеттун долбоорун жарыялады. АЧСТБ отчетунун долбоорунун жарыяланышы долбоордун мыкты эл аралык тажрыйбаларга жана бардык кызыкдар тараптар менен ачык диалог жүргүзүүгө берилгендигин тастыктайт. Бул АЧСТБ долбоору — пикирлерди, суроолорду жана сунуштарды алуу үчүн даярдалган документтин иш варианты.

АЧСТБ боюнча отчеттун долбоору эл аралык таанылган SMEC консалтинг компаниясы тарабынан улуттук жана эл аралык эксперттер менен тыгыз кызматташтыкта даярдалган. Отчетту даярдоо процессинде ар тараптуу изилдөөлөр жүргүзүлүп, талаа жумуштары аткарылып, кызыкдар тараптар, анын ичинде долбоор ишке ашырылуучу аймактагы жергиликтүү жамааттар, ошондой эле улуттук деңгээлдеги өкүлдөр менен кеңири консультациялар өткөрүлгөн.

КР Энергетика министрлиги 2025-жылдын октябрында жергиликтүү жана улуттук деңгээлдерде консультациялардын экинчи раундун өткөргөн, ал эми эл аралык консультациялар 2025-жылдын ноябрында өткөрүлгөн. Консультациялар кеңири чөйрөдөгү кызыкдар тараптардын, анын ичинде таасир тийиши мүмкүн болгон жамааттардын, жарандык коом уюмдарынын жана жалпы коомчулуктун катышуусунда өткөн. Мындан тышкары, КР Энергетика министрлиги АЧСТБ долбоору боюнча комментарийлерди жана сунуштарды 2025-жылдын 5-декабрына чейин ар кандай жеткиликтүү каналдар аркылуу, анын ичинде WhatsApp, онлайн-кайтарым байланыш, электрондук почта жана почта байланышы аркылуу кабыл алган.

Бардык сунуштар жана комментарийлери катталып, АЧСТБ документтеринин долбоорун жаңыртууда аларды эске алуу максатында кылдат талдоодон өткөрүлгөн.

Туруктуу өнүгүүгө умтулуу

Долбоор төмөнкү иш-чаралар аркылуу экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди эффективдүү башкарууга багытталган:

  • Куруу жана долбоорлоону башкарууда жоопкерчиликтүү мамиле:
Алдыңкы долбоордук чечимдерди колдонуу жана терс таасирлерди жумшартуу боюнча чараларды курулуш келишимдеринин шарттарына интеграциялоо.

  • Кызыкдар тараптар менен иштешүү:
Жергиликтүү жамааттар жана кызыкдар тараптар менен үзгүлтүксүз диалог алып баруу, алардын пикирлерин жана тынчсызданууларын эске алуу.

  • Арыздарды кароо механизми:
Даттанууларды жана пикирлерди кароонун эффективдүү механизми ишке киргизилген.

  • Потенциалды жогорулатуу:
Экологиялык жана социалдык башкарууда институционалдык потенциалды чыңдоо.

  • Эксперттик панелдер:
Кеңеш жана багыт берүү үчүн экологиялык, социалдык жана дамбанын коопсуздугу маселелери боюнча көз карандысыз эксперттерди тартуу.

Консультациялар

Экологиялык жана социалдык баалоо боюнча алгачкы консультациялардын эки этабы өткөрүлдү. Алар Дүйнөлүк банктын талаптарына жана кызыкдар тараптар менен маңыздуу консультацияларды өткөрүү боюнча эл аралык практикага ылайык. Бул консультациялар изилдөөнүн жүрүшүндө маанилүү экологиялык жана социалдык аспектилерди башкаруу боюнча чараларды андан ары баалоо жана иштеп чыгуу үчүн негиз болот.
Өткөн консультациялардын отчеттору тууралуу маалымат биздин веб-сайттын “Иш-чаралар” бөлүмүндө жеткиликтүү. Алдыдагы консультациялар тууралуу маалыматты бул веб-сайттын "Жаңылыктар" бөлүмүнөн тапса болот. Биз кызыкдар тараптарды консультацияларга катышууга жана максаттарыбызга жетүү үчүн пикир билдирүүгө чакырабыз.

Институционалдык потенциал

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги долбоорду ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Долбоорду башкаруу бөлүмүнүн (ДББ) колдоосу менен жүзөгө ашырат. Анын курамына экология, социалдык чөйрө, эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча адистер кирет.
ДББ экологиялык жана социалдык стандарттардын сакталышын камсыздайт жана Экологиялык жана социалдык башкаруу планын (ЭСБП), Көчүрүү саясатынын негиздерин (КСА) жана башка пландарды ишке ашырууну башкарат.
Долбоорлорду
башкаруу
бөлүмү
Дарек: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 326
Почта: pmo.kambarata@gmail.com
Телефон: +996 990 191 845
Кыргыз
Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 326
Почта: minenergo@mail.gov.kg
Телефон: +996 312 670178
Казахстан Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Астана ш., Кабанбай баатыр көч., 16, блок А
Почта: kence2@energo.gov.kz
Телефон: +7 7172 786981
Өзбекистан Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Ташкент ш., Истикбол көч., 21
Почта: info@minenergy.uz
Телефон: +998 71 2318118