Кыргыз Республикасынын жана
Борбордук Азиянын энергетикасы

80 миллионго жакын калкы бар Борбордук Азия чөлкөмүндө 2030-жылга чейин энергияга болгон суроо-талап 40% га өсөт деп күтүлүүдө. Аймактын мол суу ресурстары бул өсүштү колдоо жана узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылуу үчүн олуттуу потенциалга ээ.

1

Борбордук Азиянын энергетика сектору

Энергетика сектору боюнча негизги статистика
  • Энергиянын булагы
    Борбордук Азиянын энергетика тармагы көмүрдө, жаратылыш газында жана гидроэнергетикада негизделген. Көмүр жана газ жалпы энергия өндүрүүнүн божомол менен 75% түзөт.
  • Борбордук Азия: Негизги экономикалык жана демографиялык көрсөткүчтөр
    Калктын саны: 80 млн
    Жалпы ИДП: 500 миллиард АКШ доллары
    Калктын адам башына туура келген ИДП: 1400дөн 13000 АКШ долларына чейин

Таза энергия жана экология

Улуттук максаттар:
Кыргыз Республикасы: 2050-жылга чейин энергиянын кайра жаралуучу булактарына толук өтүү жана 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү.

Казакстан: 2050-жылга карата альтернативдик энергия булактарынын үлүшү – 50%, көмүртектин нейтралдуулугу – 2060-жылга чейин.

Өзбекстан: 2030-жылга чейин кайра жаралуучу энергиянын 40% үлүшүнө жана 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү.

Аймактык демилгелер:

  • CASA-1000: Кыргыз Республикасы менен Тажикстандан Түштүк Азия өлкөлөрүнө таза электр энергиясын ташууга багытталган долбоор.
  • CAPS: Аймактын энергетикалык системасы. Ал Борбордук Азиянын электр энергиясын эффективдүү алмашуу үчүн региондун энергетикалык системаларын интеграциялайт.

2

Кыргыз Республикасынын энергетика тармагы

Кыргыз Республикасынын энергетикалык ландшафты негизинен гидроэнергетикага негизделген, ал өлкөнүн энергетикалык муктаждыгынын 80%ке жакынын жабат. Бирок гидроэнергетикалык потенциалдын 13% гана пайдаланылат.
Энергетикалык инфраструктуранын көбү чукул модернизациялоого муктаж жана импорттолуучу көмүргө, газга жана мунай продуктыларына көз карандылык энергетикалык коопсуздуктун начар жактарын жана биринчи кезекте таза энергия булактарынан кубаттуулукту олуттуу кеңейтүү зарылдыгын көрсөтөт.
Калк жана экономика
  • Калкы: 7,25 миллион (2024)
  • Калктын адам башына туура келген ИДП (2023): 2137 АКШ доллары
  • Жалпы номиналдык ИДП (2023): болжол менен 15 миллиард АКШ доллары
Энергетикалык инфраструктура
  • Электр чубалгылар: 7500 км (110-550 кВ)
  • Көмөк чордондор: 200 даана (110-500 кВ)
  • Бөлүштүрүүчү тармактар: 59 700 км (0,4-35 кВ)
  • Трансформаторлор: 23915 даана
Электр энергиясын керектөө
Электр энергиясына болгон суроо-талаптын эң жогорку чеги кыш айларында болуп, жетишсиздикке жана камсыздоонун туруксуздугуна алып келет.
Улуттук стратегия энергия менен камсыздоону турукташтыруу жана импортко көз карандылыкты азайтуу үчүн Камбарата-1 ГЭСин өнүктүрүүнү камтыйт.
Энергетика тармагындагы негизги реформалар жана жетишкендиктер
Кыргыз Республикасы энергетика секторунун туруктуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган бир катар комплекстүү реформаларды ишке ашырууда:
  • 2035-жылга чейинки Улуттук энергетикалык программа: өсүп жаткан суроо-талапты канаттандыруу үчүн тармакты кеңейтүүнү, энергетика тармагындагы артыкчылыктуу реформаларды жана субсидияларды, инфраструктураны модернизациялоону жана энергетика системасын эффективдүү башкаруу үчүн санариптик чечимдерди киргизүүнү камтыйт.
  • Санариптештирүү: Коммерциялык эсептин автоматташтырылган тутумун (ACAS) ишке киргизүү, аны аяктоо 2028-жылга пландаштырылган.
Коромжуларды азайтуу боюнча чаралар: техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтуу жана тармактын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Жашыл энергетикалык фондду түзүү кошумча энергиянын кайра жаралуучу булактарын жана ГЭСтерди модернизациялоо долбоорлорун колдойт.

Долбоорлорду
башкаруу
бөлүмү
Дарек: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 326
Почта: pmo.kambarata@gmail.com
Телефон: +996 552 991 233
Кыргыз
Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 326
Почта: minenergo@mail.gov.kg
Телефон: +996 312 670178
Казахстан Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Астана ш., Кабанбай баатыр көч., 16, блок А
Почта: kence2@energo.gov.kz
Телефон: +7 7172 786981
Өзбекистан Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Ташкент ш., Истикбол көч., 21
Почта: info@minenergy.uz
Телефон: +998 71 2318118