Байланыштар

Биздин байланыштарыбыз
Кыргыз Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 326
Почта: minenergo@mail.gov.kg
Телефон: +996 312 670178
Долбоорлорду башкаруу офиси
Дарек: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 326
Почта: pmo.kambarata@gmail.com
Телефон: +996 552 991 233
Жергиликтүү байланыштар
Арыздарды жана кайрылууларды кароо механизми
1.Арыздарды жана кайрылууларды кароо механизминин негизги жоболору.
1) Арыздарды жана кайрылууларды кароо механизми (мындан ары - АКМ) экологиялык жана социалдык коргоо маселелери боюнча институционалдык механизмдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

2) «Камбарата ГЭС-1 долбооруна техникалык жардам» долбоорун башкаруу бөлүмү ( мындан ары - ДББ) Дүйнөлүк банктын Социалдык-экологиялык онунчу стандартынын талаптарына ылайык жарандардан келип түшкөн арыздарды жана кайрылууларды кароо максатында ушул Механизмди пайдаланат. АКМ долбоорду ишке ашырууга байланыштуу тез, объективдүү маалыматты алуу, баалоо, кароо жана даттанууларды (арыздарды, сунуштарды, кайрылууларды, суроо-талаптарды, пикирлерди) чечүү процесси болуп саналат. АКМ долбоордук ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон даттанууларды кабыл алуу, кароо жана чечүү процессин тартипке келтирүүгө мүмкүндүк берет.

3) АКМ долбоордун тике жана кыйыр бенефициарлары долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында долбоордун иш-чараларын жакшыртуу боюнча арыздар, суроо-талаптар жана сунуштар түрүндө өздөрүнүн суроо-талаптарын берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн зарыл. Бул кошумча чыгымсыз жана өз убагында чечүү кепилдиги менен көйгөйлөрдү тез арада жоюуга жардам берет. АКМ бардык этаптарда көйгөйлөрдү чечүүгө жана суроо-талаптардын эң жакшы жол менен каралышын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

4) Арыздарды жана кайрылууларды чечүүнүн тартиби жана милдеттери Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» 2007-жылдын 4-майындагы №67 Мыйзамына ылайык келет.

5) Даттануу механизминин негизги принциптери төмөнкүлөрдү камсыз кылуу болуп саналат:
- жергиликтүү жамааттардын негизги укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- долбоорду ишке ашырууда келип чыккан көйгөйлөрдү адекваттуу чечүү;
- Дүйнөлүк банктын СЭС-10 талаптарын ишке ашыруу;
- арыздарды жана кайрылууларды кароо процедураларынын ачыктыгы;
- жарандарга өз убагында кайтарым байланыш;
- аярлуу топтор үчүн жөлөкпулдарды жана/же жашоо каражаттарын колдоо укуктарын ишке ашыруу.

2. Механиздин негизги максаттары жана милдеттери

1) Механизмдин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Долбоор үчүн да, жергиликтүү жамааттар үчүн да канааттандырарлык өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишүү жана арыз ээси менен бирге жергиликтүү деңгээлде даттанууларды чечүү;
- Көчүрүү планы, Түзөтүү иш-чараларынын планы жана Социалдык комплекстүү текшерүү отчету сыяктуу документтердин үзгүлтүксүз ишке ашырылышына көмөктөшүү, ошондой эле узакка созулган соттук териштирүүнү кыскартуу жана долбоорду ишке ашыруудагы кечигүүнүн алдын алуу;
- кабыл алынган чечимдердин ачык-айкындуулугун сактоо менен жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүү процессине көмөктөшүү жана арыз ээлеринин жана жергиликтүү коомчулуктун алдында отчеттуулукту камсыз кылуу.

2) Механизмдин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- социалдык, экологиялык жана долбоордун ишмердүүлүгүнө байланышкан ар кандай башка маселелерге байланыштуу келип түшкөн арыздарды, кайрылууларды же суроо-талаптарды каттоо, текшерүү, кароо, мониторинг жүргүзүү жана аларга жооп берүү;
- долбоорду жана ага таасир эткендерди канааттандырган өз ара макулдашылган чечимдерге келүү жана кызыкдар тарап менен кеңешип, ар кандай даттанууларды жана кайрылууларды жеринде чечүү;
- айкындуулукту сактоо жана арыз ээлеринин алдында отчеттуулуктун деңгээлин белгилөө менен жергиликтүү деңгээлде өнүгүү процессине көмөк көрсөтүү;
- жергиликтүү коомчулук менен байланышты түзүү
- аялдарга жана аялуу катмарга алардын катышуусун жогорулатууга жана өз пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу.
Арызды чечүү процесси
1-деңгээл - Жергиликтүү
Даттануу дареги боюнча жазылган
Даттануу дареги боюнча жазылган
Жергиликтүү деңгээлде арыздарды жана кайрылууларды кароо тиешелүү жергиликтүү адистерге жүктөлгөн.
Зарыл болгон учурда арыздар жана кайрылуулар комиссия тарабынан каралышы мүмкүн.
Берилүүчү формасы
Берилүүчү формасы
Оозеки же жазуу түрүндө
Даттануулар / Башкаруу / Процедуралар
Даттануулар / Башкаруу / Процедуралар
Даттанууну жана кабыл алынган чечимди Механизмдин бирдиктүү журналында каттоону ДББнын жооптуу кызматкери жүргүзөт.
Арыз ээси 1-даражадагы чечимге макул болбосо, даттануу арыз ээсине билдирүү менен 2-деңгээлге жиберилет.
Карап чыгуу мөөнөтү (катталган учурдан тартып)
Карап чыгуу мөөнөтү (катталган учурдан тартып)
14 жумушчу күн
2-деңгээл - Борбордук деңгээл
Даттануу дареги боюнча жазылган
Даттануу дареги боюнча жазылган
Борбордук деңгээлде арыздар жана кайрылуулар комиссия тарабынан каралат.
Борбордук комиссия сырттан адистерди тарта алат же Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басарына кайрыла алат.
Берилүүчү формасы
Берилүүчү формасы
Жазуу түрүндө
Даттануулар / Башкаруу / Процедуралар
Даттануулар / Башкаруу / Процедуралар
Арыздарды жана кайрылууларды негиздемеси менен каттоо ДББнын кызматкери тарабынан Excel форматында жүргүзүлөт,
көзөмөлдөнөт жана булут сактагычында сакталат .
Борбордук комиссия кабыл алган чечим жөнүндө арыз ээсине кабарланат.
Карап чыгуу мөөнөтү (катталган учурдан тартып)
Карап чыгуу мөөнөтү (катталган учурдан тартып)
14 жумушчу күн
Арыздарды жана даттанууларды жөнөтүү үчүн байланыш даректери
Э.Иманалиев айыл аймагы, Токтогул району
Дареги: Кызыл-Өзгөрүш айылы, Борбуев көч.16
Орозбеков Сейитбек
Телефон: +996705445703
E-mail: kyzyl_ozhoruwao@mail.ru
Толук айыл аймагы, Токтогул району
Дареги:  Алмалуу айылы, Эстебес көч. 13
Масылбаев Курманбек
Телефон: +996507766600
E-mail: toluk.17@mail.ru
Сары-Камыш айыл аймагы, Токтогул району
Дарек: Бирлик айылы, Боз-Талаа көч. 22
Мамытов Бектурган
Телефон: +996700838442
E-mail: Sarykamysh.ao@mail.ru
Атай айыл аймагы, Тогуз-Торо району
Дареги: Казарман айылы, Тоголок Молдо көчөсү 53
Бердибек уулу Анарбек
Телефон: +996500165218
Долбоорду башкаруу бөлүмү
Дареги: Жибек-Жолу көч. 326
Телефон: +996 552 991 233
E-mail: pmo.kambarata@gmail.com
Байланыш механизми
Бул бөлүм бардык кызыкдар тараптардын электрондук каттарын жөнөтүүнү жеңилдетүү үчүн иштелип чыккан. Долбоордун иш-аракеттерине байланыштуу суроолоруңуз же көйгөйлөрүңүз болсо, бизге өз пикириңизди жөнөтүүнү сунуштайбыз.
Электрондук катта өтүнмө ээлери өздөрүнүн суроо-талаптарынын мүнөзүн жана негизин так сүрөттөп, зарыл болгон учурда тиешелүү тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөөлөрү керек.
Документти тиркөө
Байланышта болуңуз
Бизди социалдык тармактар
Долбоорлорду
башкаруу
бөлүмү
Дарек: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 326
Почта: pmo.kambarata@gmail.com
Телефон: +996 552 991 233
Кыргыз
Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 326
Почта: minenergo@mail.gov.kg
Телефон: +996 312 670178
Казахстан Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Астана ш., Кабанбай баатыр көч., 16, блок А
Почта: kence2@energo.gov.kz
Телефон: +7 7172 786981
Өзбекистан Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Ташкент ш., Истикбол көч., 21
Почта: info@minenergy.uz
Телефон: +998 71 2318118