Камбарата–1 ГЭСи

Камбарата-1 ГЭСи — бул Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азияда энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга, гидро-энергетикалык потенциалды максималдаштырууга, аймактык кызматташууну бекемдөөгө жана таза энергияга өтүүнү тездетүүгө багытталган трансформациялык таза энергия демилгеси.
  • Энергетикалык коопсуздук жана экономикалык өсүү

    Долбоор энергетикалык коопсуздукту жана ишенимдүүлүктү жогорулатат. Ошону менен экономиканын өсүшүнө, Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатууга салым кошот.

  • Аймактык кызматташуу

    Бул новатордук өз ара кызматташуу аймактагы энергетикалык маселелерди чечүүгө багытталган.

    Борбордук Азиядагы электр энергиясынын соода-сатыгын бекемдөө менен долбоор аймактык кызматташууну мындан ары да өнүктүрөт жана өлкөлөрдүн декарбонизациялоо боюнча максаттарына жетүүгө жардам берет.

  • Экологиялык таза энергия

    Долбоор кайра жаралуучу энергияны өндүрүп, Борбордук Азияда күн жана шамал энергиясын өнүктүрүүгө көмөктөшөт, көмүртектин изин азайтат жана экологиялык туруктуулукту камсыздайт.


Катышуучу өлкөлөр
Камбарата-1 ГЭСинин долбоору – Кыргыз Республикасы менен Борбордук Азиядагы энергетикалык коопсуздукту жогорулатууга, гидро-энергетикалык потенциалды максималдаштырууга, аймактык кызматташууну бекемдөөгө жана таза энергияга өтүүнү тездетүүгө багытталган трансформациялык таза энергия демилгеси. 2024-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбарата-1 ГЭСин биргелешип өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюшкан.

Тараптар кызматташууга болгон умтулуусун дагы бир жолу ырасташты жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кийинки бир катар үч тараптуу жолугушуулардын жана консультациялардын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруу механизмдерин талкуулашты.
Өнүүгүү боюнча өнөктөштөр
Камбарата-1 ГЭСин кууруу боюнча Координациялык донордук комитетинин курамы
Долбоорлорду
башкаруу
бөлүмү
Дарек: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 326
Почта: pmo.kambarata@gmail.com
Телефон: +996 552 991 233
Кыргыз
Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Бишкек ш., Жибек Жолу көч., 326
Почта: minenergo@mail.gov.kg
Телефон: +996 312 670178
Казахстан Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Астана ш., Кабанбай баатыр көч., 16, блок А
Почта: kence2@energo.gov.kz
Телефон: +7 7172 786981
Өзбекистан Республикасынын энергетика министирлиги
Дарек: Ташкент ш., Истикбол көч., 21
Почта: info@minenergy.uz
Телефон: +998 71 2318118